Орусияда кыргыз жана өзбек жарандарынын ортосундагы чырдан улам кыргыз жараны каза болду

Мезгил

Орусиянын Москва облусунда жайгашкан Люберцы шаарында курулушта иштеген кыргыз жана өзбек жарандарынын ортосунда жаңжал чыкты.

Маалыматка ылайык, жаңжалдан улам,  бир кыргыз жараны каза болду. Бул  маалыматты Кыргыздын Орусиядагы элчилиги тастыктады.

Билдриүүгө ылайык, соттук-медициналык экспертизанын алдын ала айтылган маалыматы боюнча, кыргызстандык жаран бийиктиктен кулап каза тапкан.

Окуяга тиешеси бар делип кыргызстандык 4 жаран жана Өзбекстандын 10 жараны кармалып, сурак берүүдө.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *