Орусияда жеке ишкер Камчыбек Каримовду атып кетишти

Мезгил

Орусиянын Екатеринбург шаарында Кыргызстандык жеке ишкер Камчыбек Каримовду атып кетишти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

 Анда айтылгандай,  ишкерди  Екатеринбург шаарындагы Калинин көчөсүндөгү үйлөрдүн биринин алдынан атып кетишкен.

Күбөлөрдүн билдиргенине караганда, аны атып кеткен адамдар экөө болгон. Алгач алар ишкер менен мушташып, андан соң эки жолу атышкан. Ок анын курсагына жана бутуна тийген. Андан кийин алар из жашырып качып кетишкен. «Тез жардам» кызматы келгенде ал тирүү болгон.

Ошондой эле ишкердин үстүнө миң жана беш миң сомдук акчалар чачылып жатканын көргөнүн күбөлөр айтып беришкен.

Жеке ишкердин жардамчысы бул маалымат боюнча билдирүү таратып, ишкерди атып кеткендер унаасын калтырып, өздөрү жөө качып кеткенин айткан. Ал эми полиция кызматы шектүү жарандардын унаасын тергөөгө алып кетишкен.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *