Ош базардагы соодагер Алмакан эжеге орун берилмей болду

  Мезгил

Ленин районунун башчысы Чынасыл Чыныбаев Ош базарынын аймагында  соода кылган Алмакан эже  менен жолукту. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой,  Алмакан айым Ленин районунун тургуну. Шаар ичинде туруктуу каттоосу жана өздүгүн аныктоочу документтери жок.

Район башчысы соодагерди Ленин районуна туруктуу каттого тургузууга, өздүгүн аныктоочу документтерин алууга жардам берерин жана мындан ары муниципалдык администрация социалдык жактан колдоо көрсөтөрүн билдирип, Ош базарынын ичинен соода орундарын сунуштады.

Белгилей кетсек, буга чейин Алмакан эже жумуш ордуна чапталып, аны коргогон  видео  интернетке тарап, кызуу талкуу жараткан.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *