Мезгил
Быйыл эң бийик балаты Ош шаарында орнотулат. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар порталынан белгилүү болду.
тМаалымдалгандай, Ош шаарынын мэриясы жаңы жылдын башкы символун орнотуп, борбордук аянтты жасалгалоого 1 миллион 525 миң сом жумшайт.
Тендердин талабына ылайык, балатынын бийиктиги 27 метр, диаметри 12 метр болушу керек.
Белгилеп кетсек, Бишкек жана Жалал-Абадда орнотулуп жаткан балатылардын бийиктиги 25 метрди түзөт.
Булак: Мезгил Ньюс