Мезгил
Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунда жергиликтүү мектептин 30га жакын окуучусу массалык мушташтан кийин кармалды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалым болгондой, окуя 22-ноябрда түнү болгон. ОИИБнын нөөмөт бөлүмүнө балдардын мушташы тууралуу билдирүү келип түшкөн.
Окуя болгон жерге милиция барып, 31 өспүрүмдү кармаган. Алар Жоош жана Сарай айылдарынын 10-11-класстарынын окуучулары экендиги аныкталган.
Бир өспүрүм курч буюм менен жаракат алганы маалым болду. Ал райондук ооруканага жаткырылды. Соттук-медициналык экспертиза дайындалып, жабырлануучунун абалы канааттандырарлык экендиги айтылууда.
Учурда ОИИБ иликтөө иштерин жүргүзүүдө.
Булак: Мезгил Ньюс