Ош облусунда жер силкинди

Мезгил

Ош облусунун айрым аймактарында жер титирөө катталды. Жер силкинүү болжол менен түнкү саат 23:14тө катталган.

КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, Ош облусунун аймагында жер титиреп, күчү 5,5 баллга жеткен.

Жер силкинүү  Өзгөн районунун Ничке-Сай, Зергер, Тосой айылдарында – 5 балл, Салам-Алик айылынд – 4,5 балл, Ош шаарында 3 балл, Жалал-Абад шаарында 4 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *