Ош прокурорунун асынып алган орун басарынын өлүмүнөн шектүү эч нерсе табылган жок

Мезгил. 

Ош облусунун прокурорунун орун басары Төрө Кожошевдин өлүмүнөн шектүу нерсе табылган жок.

Аймактык ИИБинин билдиргенине караганда, текшерүү иштери милиция тарабынан дале жүргүзүлүүдө. Бирок, орун басардын өлүмү укук коргоо кызматында суицид катары каттоого алынган.

Төрө Кожошев 10-сентябрга караган түнү өз үйүндө асынып алган. Анын сууп калган денесин жубайы табылганы айтылган. Жубайы күйөөсү өлүмүнө аз калган күндөрү капалуу жүргөнүн айтууда. 10-сентябрда Кожошев эмгек эргүүсүнөн кийин биринчи жолу жумушка чыкмак.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *