Мезгил
Ош шаарындагы май куюу бекетинде жабыркагандардын абалы жакшырып калды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдирди. Алардын бири амбулатордук дарылануудан соң үйүнө кое берилген.
Дагы бирөө Ош облус аралык ооруканадагы нейрохирургия бөлүмүндө медиктердин көзөмөлү алдында.
Ушундай эле палатага реанимацияга түшкөн эркек киши которулду. Алардын абалдары туруктуу.
Эске салсак, 20-мартта Петров көчөсүндө май куюу бекети жарылып, 3 адам жабыркаган.
Ал үйдүн жанында жайгашкан болчу.
Булак: Мезгил Ньюс