Ош: Уурулар 4 млн сомду үйдүн короосуна көмүп койгон

Мезгил

Ош шаарында эки жигит 4 млн 706 миң сом уурдап, акчаны үйүнүн короосуна көмүп койгон. Бул тууралуу ОШ шаардык милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Анда, белгисиз адамдар 8-мартка караган түнү Ош шаарынын Алай көчөсүнүн аймагында жайгашкан жеке офистердин бирине уурулукка кирип,  сейфке катылган 4 млн. 706 миң сомду уурдап кетишкени айтылат.

Ал эми 15-март күнү бул кылмышка шектүү катары мурда каракчылык менен соттолгон 27 жаштагы А.А. жана 24 жаштагы К.М. аттуу эки жаран кармалган.

Кармалган эки жигиттин бири акча жоголгон компанияда иштеген кызматкер болуп чыккан. Ал шериктешине компания тууралуу негизги маалыматтарды берип,  уурулук жасоону дагы өзү алгач пландаганы белгилүү болду.

Бирок, кармалган жарандар уурдалган акчаны иштетүүгө үлгүрбөй калышкан. Милиция кызматкерлеринин ыкчам аракеттинде биринчи шектүүдөн 1 млн 460 миң сом, экинчисинен – 900 мин сом акча кайтарылып алынган. Уурулар акчанын бир бөлүгүн жеке кызыкчылыгына жана көңүл ачууга жумшашкан.

Милициянын маалыматы боюнча, алар акчаны үйдүн короосуна көмүп коюшкан. Учурда кылмышка шектүү жарандардын үстүнөн уурулук фактысы боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат. Ош шаардык соту аларды абакта эки айга кармоого санкция берди.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *