Мезгил
“Ошэлектронун” кызматкерлери пара талап кылууга шектелип кармалды.
Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинен билдиришти.
Маалым болгондой, компаниянын Ноокат райондук бөлүмүнүн жооптуу кызматкери жана инспектору жергиликтүү тургундан электр энергиясын уурдоо фактысын жашыруу үчүн 283 миң сом талап кылышкан.
Анын 50 миң сомун алып жаткан жеринен колго түшүрүлдү. Тергөө жүрүүдө.
Мезгил ньюс