Мезгил
Кармалган “Ошэлектронун” 2 кызматкери убактылуу иштен четтетилди. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинен билдиришти.
Кабыл алынган чечим тергөөнүн жыйынтыгы чыкканга чейин күчүндө болот.
Эске салсак, аталган компаниянын Ноокат райондук бөлүмүнүн жооптуу кызматкери жана инспектору жергиликтүү тургундан электр энергиясын уурдоо фактысын жашыруу үчүн 283 миң сом талап кылышкан. Анын 50 миң сомун алып жаткан жеринен колго түшүрүлгөн.
Мезгил ньюс