Мезгил
Ош шаарында 1-класстын окуучусун унаа сүзүп кетти. Бул тууралуу Ош шаардык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.
Маалым болгондой, жабырлануучу М.Ломоносов атындагы мектеп-гимназиясынын окуучусу. Окуя окуучу мектептин имаратына кирип бара жаткан учурда болгон. Ал денесинен жаракат алып, ооруканага жеткирилди.
Учурда баланын абалы жакшы.
Булак: Мезгил Ньюс