Мезгил
Ош облустук төрөтканасында 16 жаштагы кыз төрөдү. Бул тууралуу Ош ОИИБдан билдиришти.
Маалыма болгондой, өспүрүм кызды 15 жашында күйөөгө беришкен. Ал төрөтканга 28-октябрь күнү Араван районунан барган.
Кыз ата-энесинин макулдугу менен турмушка чыккан. Төрөт үйүндө ал өзүнүн жашын жашырып, улуу көрсөтүп койгон. Бирок, анын 16 гана жашта экени аныкталган.
Учурда текшерүү иштери жүрүүдө.
Булак: Мезгил Ньюс