Ошто 5 жаштагы кызга операция жасап, боорунан 25 киста алып чыгышкан

Мезгил

Кечээ, 2-августта Ош шаарында 5 жаштагы кызга боорунан операция жазап 25 шишик (киста) алып чыгышкан.

Эхинококкоз илдети менен 5 жаштагы кыз кайрылган. Биз ага боорунан операция жасоо жолу менен 25 шишик (киста) алып чыктык. Бул оорудан улам боорунун жарымы жараксыз абалга келген. Бул туурасында Ош облустук ооруканасынын башкы дарыгери Кыялбек Ташполотов билдирди.

– Акыркы учурда оорулардын себеби туура эмес тамактануудан, таза суунун жетишсиздигинен жана абаанын таза эместигинен келип чыгууда. Мындай илдетке жаш балдар гана эмес, чон кишилер көп кабылышууда – деди Ташполотов.

Эскерте кетсек, бул оорунун алдына алуунан алгачкы жолу өздук гигиенаны сактоо зарыл. Соңку жылдары эхинококкоз оорусу туруктуу өсүүдө. 2007-жылы эхинококкоз менен 700-800 оорулуу катталса, 2019-жылы 1000 кишиге чейин жеткен. Жалпы оорулуулардын 24,7 пайызын 14 жашка чейинки балдар түзөт.

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *