Мезгил
Ошто каналга түшүп кеткен 8 жашар баланын сөөгү табылды. Бул тууралуу КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Ош шаарынын Латибжанов көчөсүндө каналга жаш бала түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.
Окуя болгон жерге 4 куткаруучу барып, 2012-жылы туулган баланын сөөгүн суудан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Мезгил ньюс