Мезгил.
Ош шаарында 40 жаштагы аял төрт кабаттуу үйдүн 4-кабатынан секирген. Ал өзү менен кошо сегиз айлык наристесинин да өмүрүн кыл учуна кептеген.
Ош облустук ИИБинин маалыматына караганда, окуя кечээ, 6-сентябрда саат болжол менен 17:00дө болгон. Аял Кара-Балтадан келип, Оштогу кичирайондордун биринде жашап турган. Анын эмне себептен мындай кадамга барганы азырынча белгисиз. Эне менен баланы аймактык ооруканага жеткиришкен.
Булак: Мезгил Ньюс