Ошто кайрадан май куюу бекети өрттөндү

  Мезгил

Ошто кайрадан май куюу бекети өрттөлдү. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди. 

Маалым болгондой, кырсык кечээ кечинде Ак-Тилек кичи районунда болду. Май куюу бекетинде чыккан тилсиз жоону басууга 13 өрт өчүрүүчүлөр тайпасы тартылган. Жалындын жайылышын токтотуу түнкү саат 11де мүмкүн болду. Алдын ала маалымат  боюнча жабыркагандар жок. Ал эми жабыркаган аянт тактала элек.

Эске салсак, буга чейин май куюу бекети 20-мартта Петров көчөсүндө күйүп кеткен. Анда 3 адам жабыркаган болчу. Шаар жетекчилиги көзөмөлдү ошондо эле күчөтөрүн убада кылган.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *