Ошто ымыркайын сатууга аракет кылган жаран кармалды

Мезгил

15-июль күнү Ош шаарындагы Өзгөн районунун 22 жаштагы тургуну бир айлык кызын 30 миң сомго  сатып жаткан жеринен  Ыкчам-тергөө тобу колго түшүргөн.

Билдирүүлөргө караганда шаардык милицияга калаанын Манас-Ата аймактык кеңешинин Касымбеков көчөсүндө ымыркайын сатууга кардар издеп жүргөн жигит тууралуу маалымат түшкөн.

Учурда ымыркайды Ош шаардык реабилитациялык борборго өткөрүлүп берилген. Анын учурда эч кандай документи жок.

Наристенин энеси 24 жашта  Кызыл-Кыя шаарынын жашоочусу экени аныкталды. Ал 22 жаштагы жигит менен жарандык никеде жашап келген.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 171-беренеси боюнча катталып, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

Булак: Мезгил Ньюс

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *