Мезгил.
Ош шаарындагы эстакадалык көпүрөдө кырсык орун алды. Көпүрөдөн өтүп бараткан маршруттук такси жеңил автоунаа менен сүзүшүп, айдоочу рулду башкара албай калган да, беш метр бийиктиктен көпүрө алдындагы жолго кулаган. Маршруттук таксинин ичиндеги алты жүргүнчү Ош облустук ооруканасына жеткирилген. Алар ар кандай жарааттарды алышкан, арасындагы 48 жаштагы аялдын колу-буту сынып, оор акыбалда оорукананын жандандыруу бөлүмүнө түшкөн.
Ош шаардык милициясынын маалыматына караганда, кырсыктаган автоунаа шаар ичиндеги №102 багыт менен каттаган маршруттук такси болгон. Анын айдоочусу 27 жашта. Унаа көпүрөдөн өтүп баратканда тормозу иштебей калган. Ошол учурда карама каршысында келаткан “Хонда Фит” үлгүсүндөгү автоунаага урунган. Жүргүнчүлөр менен катар айдоочу да жаракат алып, учурда ооруканада дарыланууда.
Ош шаарынын борборундагы Ак-Буура дарыясынын үстүнө эстакадалык көпүрө 2015-жылы 650 миллион сомго курулган. Анын узундугу 250 метр.
Булак: Мезгил Ньюс