«Оштуктардын үйүн жана бизнесин талкалоо планын түзгөн» делген Фархат Баабиев камалды

    Мезгил

Экс-президенттин дагы бир тарапкери, «Атамбаевди көздүн карегиндей сактайлы» деп уран чакырган Фархат Баабиев деген неме камалды. Бул тууралуу ИИМ мындайча билдириүү таратты:

 Ведомстволор аралык тергөө тобу тарабынан 2019-жылдын 7-8-август күндөрү Аламүдүн районундагы Кой-Таш айылындагы массалык башаламандык фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүш жүргүзүлүп жатат. Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында 2019-жылдын 7-8-августундагы массалык башаламандыкка Фархад Баабиевдин катыштыгы бардыгы аныкталды.

2019-жылдын 16-август күнү Баабиев Ф.Ж. Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 264-беренесинин 2-бөлүмүндө (массалык башаламандыкка катышуу) көрсөтүлгөн кылмышты жасоого шектелип жаткандыгы жөнүндө маалымдалып, ага карата Бишкек шаарынын Биринчимай райондук сотунун чечими менен 9-октябрга чейин камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы тандалды.

Мурда YouTube каналы аркылуу Фархад Баабиевдин Аман деген бирөө менен телефон аркылуу сүйлөшкөн жазуусу тараган. Анда Фархад Аманга «Оштуктардын үйлөрүн, бинесин талкалап башаламандык уюштуралы. Үйлөрүнөн, бизнесинен айрылган Оштон келип Бишкете жана анын тегерегинде жашап жаткандар президентке нараазы болушат» деген пландарын айтат. Бул аудио жазуудагы үн чын эле Фархаттыкыбы, же жөн эле бирөөнүн жасап койгон орой тамашасыбы? Азырынча тергөө анын чын-төгүнүнө жетип, аныктай элек. Фархат массалык башаламандыкка катышты деген айып менен эле кармалып олтурат.

Булак: Мезгил ньюс 

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *