Осмоналиев: Кайран гана кадрлар! Сабаттуу, татыктуу уул-кыздарыбыз түрткүнчүк болуп, көчөдө калышты

Мезгил

     Бүгүн өзгөчө кырдаалдар министри болуп Замирбек Аскаров, ал эми вице-премьер-министрликке Эркин Асрандиев шайланды.

Деги эле буга чейин өкмөттүн кадрларына карата бир катар сындар айтылып келген. Айрымдары кадрдык тандоо туура  болгондугун айтышса,  көпчүлүгү чабал сабатсыз кадрлар дайындалып жатканын сындап келишет. Ал эми Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Каныбек Осмоналиевге  өмөттүн кадрдык тандоосуна кандай баа берээри тууралуу  суроо  салдык. Анын пикиринде өкмөт кадр маселесин өздөрү каалагандай эле жүргүзүшүп, элдин ичинен суурулуп чыккан татыктуу инсандарды  унутуп калышты деген  ойдо.  

   -Абдан терс! Анткени, өкмөт Кыргызстандын бүгүнкү реалдуу абалы менен иши жоктой сезилип жатат, мага! Алар кадр маселесин өздөрү каалагандай эле жүргүзүшүп, элдин ичинен суурулуп чыккан татыктуу инсандарды  унутуп калышкандай. Кайран гана кадрлар! Сабаттуу жана татыктуу уул-кыздарыбыз ары түрткүнчүк болуп, көчө таптап калышты же башка өлкөлөргө жалданып кызмат кылууга кетишти. Ушул кырдаалды президент качан жолго салат? Чоң суроо!- дейт Осмоналиев.

Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *