Осмонбек Артыкбаев операциядан кийин УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди

Мезгил

Бишкек жылуулук борборунда болгон аварияга байланыштуу камакка алынган Жогорку Кеңештин депутаты Осмонбек Артыкбаев операциядан кийин УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Осмонбек Артыкбаев эки жума мурда саламаттыгынын начарлашына байланыштуу Мирсаид Миррахимов атындагы улуттук кардиология борборуна жаткырылган жана ушул эле бейтапканада депутатка операция жасалган.

Аталган бейтапканынын дарыгерлеринин айтымында Артыкбаев жүрөгү кармап түшкөн жана коронарография текшерүүсүнөн өткөн.

-Жүрөктүн тамырларын текшериш керек. Анткени кан басымы көтөрүлүп, жүрөктүн согушунун ритми бузулуп калган. 

10-июль күнү  Кыйноого каршы улуттук борбордун жетекчиси Нурдин Сулайманов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында отурган Жогорку Кеңештин депутаты Осмонбек Артыкбаев ден соолугу начарлаганына байланыштуу ооруканага чыгарылганын билдирген. Сулайманов Артыкбаевдин жүрөгү ооруганын, дарыгерлердин чечими менен Мирсаид Миррахимов атындагы улуттук кардиология борборуна жаткырылганын кабарлаган.

Мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаевге “Коррупция” беренеси менен кылмыш иши козголуп, 5-июнда камакка алынган. Ал Бишкек Жылуулук электр борборунун (ЖЭБ) айланасындагы жаңжалга байланыштуу айыпталууда. 

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *