Отур эки! Кудайбердиева кутурду

Мезгил

Адамдагы эң айыкпас дарт  бул “адат” деп айтылат. Адат адамдын башы менен гана кете турган нерсе. Муну эч ким тана албайт. Ооба, минтип айтып жатканыбыздын бир себеби, отуз жылдан бери жогору жак эч иш кыла албай, кадр алмашуу менен гана алек болуп, убакытка катуу уттурганы да чын.

Айталы дегенибиз акыркы жылдары эл агартуу тармагы, болгон билим берүү министри жазуу жагынан катуу аксап өткөн жылдан бери мектепти бүтүргөн окуучулардын аттестатын чыгарууда бир, эки тамгадан ката кетирип, катуу сынга кабылып жатканы да адатка айланып бара жаткандай.

Башка мекемелер ката жазса мейли эле, ушул билим берүү тармагы ката кетирип жаткан соң башка сөз айтуу да опурталдуу болуп жатат. Мындан бир топ жыл илгери айылдык кеңештин депутаттары дагы бир топ убакыт төш белги тагына албай убакытка уттурушкан. Анткени чоң сумма коротуп жасалган төш белги “жергилитү депутат” деп бир “ү” жазылбай калган эле.

Мындай маанилүү документ ката жазылып жаткандан кийин, башка иш кагаздары жөнңндө сөз кылуунун кереги барбы? Деген суроо жаралат. Бул үчүн ким жооп берет? Үркөрдүн кызы Үлпүлдөк сулуу болсо дагы өкмөт Кудайбердиевага бир чара көрүш керек го… Же чабал өкмөттүн жүзү чала сабат Гүлмира айымбы?

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *