Пайгамбар жашына жакындап. Шавкат Мирзиёев бүгүн 62 жашка толду

  Мезгил

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев бүгүн 24-июлда 62 жашка толду.

Ага ар кайсы мамлекеттин лидерлери тарабынан куттукттоолордун аягы тыйыла элек.  Алардын арасында президент Сооронбай Жээнбеков дагы бар.

Шавкат Миромонович Мирзиёев 1957-жылы 24-июлда Өзбекстандын Жизак облусунун Зааминс районунда туулган. Бирок айрым булактар Мирзиёевдин үй-бүлөсү Өзбекстанга 1960-жылдары барганын, Тажикстандын Уратюбинск облусунун Яхтан кыштагында төрөлгөнүн жазып келишет.

Шавхат Мирзиёев ‘дарыгерлердин үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Атасы Миромон Өзбекстандын Заамин районундагы кургак учук боюнча аймактык оорукананы башкарган, ал эми апасы ошол эле ооруканада медайым болуп эмгектенген. Бирок апасы кургак учук илдетин жуктуруп алып каза тапкан. Ошентип Шавкат жана анын эки карындашы энесинен эрте ажырап калган. Кийин атасы татар кызына үйлөнүп, андан эки балалуу болгон.

Шавкат Мирзиёевдин саясий ишмердүүлүгү акимдик кызматтан башталып, мажилистин депутаты, губернатор дагы болгон. Кызматтан кызматка көтөрүлүп отуруп 46 жашында мурунку президент Ислам Каримовдун сунушу менен Өзбекстандын өкмөт башчысы болуп дайындалган.

Мирзиёев президенттик шайлоодо элдин 88,61 пайыз добушун алып жеңишке жеткен. 2016-жылдын 13-декабрында парламенттин токтому менен Өзбекстандын премьер-министрлик кызматынан бошотулган. Ал эми 14-декабрда салтанаттуу түрдө ант берип президенттик кызматына киришкен.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *