Памирлик боордоштордун эки баласын бекер окуттуу милдетин ОшМУ өзүнө алды

Мезгил. 

Памирден келген кыргыз боордоштордун 19 жана 22 жаштагы эки баласын Ош мамлекеттик университети бекер окута баштады.

Миграция кызматынын кайрылмандар жана качкындар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Жыпара Мамбетованын маалыматына караганда, аталган кызмат ОшМУга эки баланы окутуп берүү өтүнүчү менен кайрылган. 

“Окуу жайы өтүнүчүбүздү четке каккан жок. Бул үчүн ыраазычылык билдиребиз”, – деди Мамбетова.

ОшМУдан билим алып баштаган 19-22 жаштагы ага-ини буга дейре Ооганстанда мектеп деңгээлинде билим алышкан. Бирок, ал жактан келген документтерде бири 9-классты, бири 11-классты бүттү деген тастыктама турганына карабай, кыргыз билим берүү деңгээлине салыштырганда 8-9-класстардын ченемине ылайык келген.

“Билим берүү жана илим министрлиги алардын билими Кыргызстандын 8-9-класстарынын билимине ылайык келген деген тыянак чыгарды. Андыктан, агасын ОшМУнун коллежине, инисин гимназиясына кабыл алышты”, – деп белгилейт аталган бөлүмдүн башчысы.

Ооганстандын Кичи Памир жана Чоң Памир өрөөндөрүндө бүгүнкү күндө   бир жарым миңдей кыргыздар жашаары айтылат. Былтыр, 2017-жылдын октябрь айында 7 үй-бүлө, жалпысынан 33 адамды кыргыз өкмөтү  Кыргызстанга  алып келген. Аларды алып келүүдөгү башкы максат балдарына билим берүү богон. Кийинчерээк дагы эки үй-бүлө келишкен.  Памирликтер Нарын облусуна жайгаштырылган. Алар ошол жерден жаш-жашына карата бөлүнүп, мектеп курагындагы балдар мектептен билим алышса, улуулар кат-сабатын ачуучу атайын курстардан өтүшкөн.  

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *