Парламент бүгүн 14.00дө чукул жыйынга чогулат

Мезгил

Бүгүн, болжол менен саат 14.00дө Жогорку Кеңештин депутаттары чукул жыйынга чогулат. Бул тууралуу вице-спикер Аида Касымалиева жыйынга парламент таңдан бери даярданып жатканын билдирди.

Ал эми депутат Дастан Бекешевдин айтымында, көпчүлүк эл өкүлдөрү аймактардан Бишкекке келе жатканын жана учурда кол топтоо жүрүп жатканын айтты.

Ошондой эле Жогорку Кеңештин вице-спикери Мирлан Бакиров парламент бүгүн чечкиндүү чечим кабыл аларын билдирген.

Эске салсак, 27-июнда парламент мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестигин алган. 7-августта кечке маал Кой-Таш айылында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция жүргүзүлдү. Анда ок атылып, жай тургундар менен атайын даярдыктагы аскерлер жаракат алган. Алардын 22си УКМК кызматкери, 2 ИИМдин кызматкери, 23 жай тургун жаракат алды. Атайын кызматтын бир аскери каза болду.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин берген акыркы маалыматы боюнча, ооруканада жаткандардын саны 48ге жетти.

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *