Парламентке Аскарбек Шадиевдин ордуна жаңы депутат келди

Мезгил. 

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында жаңы депутат ант берди. Ал “Бир Бол” фракциясынын мурдагы депутаты Аскарбек Шадиевдин ордуна келди.

Жаңы депутат Эрмамат Тагаев жигердүү жеке ишкерлердин катарына кирет. Анын кум жана кесек кум өндүргөн “Исфайрам ЛТД” аттуу ЖЧКсы бар.

 “Бир Болдун” мурдагы депутаты Аскарбек Шадиевге карата үч кылмыш иши козголгон. Ушул жылдын май айында өлкөнүн аймагынан чыгып кеткен. Жакында аталган фракция Шадиевдин фракциянын катарынан чыгуу боюнча арызын БШКга жолдоп, анын негизинде мандатынан ажыратылган. Бирок, көп өтпөй, Шадиев өзү эч кандай арыз жазбаганын, андыктан мандатынан мыйзасыз ажыратылганын айтып чыккан.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *