Парламентке депутаттар элдин таламын талашпастан, бизнесин сактаганга барабы?

Мезгил

Алы жок акыйкат бечара, акыйкатсыз кара күч зулумдук. Зулумдук күч алып, алдым-жуттум адамдар гана маарага жете аларын көрүп турабыз. Ал эми акыйкат издеген бечараларга кол сунар киши жок. Эл таламын талашып, эл ишенип шайлаган депутаттар мандаттын баасын ачык айтып, кандай соода жүрөөрүн бири-биринен талашып тактап берди коомчулукка. Сайттардын бирине “100 миң, бул сиздин эски маалыматтарыңыз экен” деп, Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешов депутаттык мандат 300 миң доллардан жогору,  алдыңкы орундар 1 млн. долларга чейин бараарын ачык айтып берген. Муну окуган айрым байлыгына чиренгендер 300 миң доллар кеппи деп, шайлоого шымалангандар четтен чыгат.

Ошондой эле Бекешовдун сөздөрүн кесиптештери четке какпай, парламентте акчалуулар мандатты сатып алаарын бышыкташты.

Ал эми Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Туратбек Мадылбеков “Бул маселени базардагы элдер ушак катары талкуулашчу, эми депутаттар ачык-айкын талкуулап калышты. Партиянын атайын кассасы бар. Жогорку Кеңешке депутаттыкка олигархтар, алды миллион доллар берип келишет” деп билдирген.

Саясат күндөн-күнгө оргуштап, саясатчылар элди көзгө илбей парламентте кандай бизнес бар экенин тастыктап беришүүдө. Ансыз да саясаттан, саясатчылардан тажаган эл кийинки шайлоодо жаңы жүз, иш билги, эл үчүн күйгөндөр келишерин дале үмүт үзбөй күтүшөт. 

Албетте, бул нерсени коом билбей, көрбөй койгон жери жок. Саясатты бизнеске арылаштырбаш керек экени эл да өзгөчө талап кылат. Бирок, Бекешов депутаттар олчойгон сумманы берип, бизнесин сактаганы келишерин ачык эле айтты. Ал эми коомчулукта эл өкүлдөрү элдин таламын талашпай эле, бизнесин сактаганга барышарын мурда божомолдуу билишсе, эми эл далили менен түшүнүп калышты. Эми Бекешовдой кадыр-барктуу депутаттар Жогорку Кеңештин сырын, бизнес окуяларын ачык айтышынын себеби эмнеде? Же бул жерде да ачык айтам, элге чындыкты жеткирип жатам дегениби? Же келерки шайлоодон калып калбайын деген тымызын элге жагуу аракетиби? Бекешов миллионер, олигарх кесиптештеринин абийирин ачып алып, эртең кантип учурашат болду экен?

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *