Парламентте депутат Сулейманов менен талапкер Мамытов айтыша кетишти

Мезгил.

Жогорку Кеңеш акыйкатчылыкка талапкерлерди тандоодо. Жалпысынан беш талапкер чыкты, алардын бири   Токтон Мамытов менен “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Бахадыр Сулейманов кайым айтыша кетишти.

Депутат  талапкерге  суроо берип жатып, Мамытов бир убактарда журналисттерге Сулейманов чет элдик тыңчы жана башка өлкөнүн жараны деп айтканын эске салды.

“Эгер сизде ушундай факт болсо, эмне үчүн документтерди көрсөтпөйсүз?”- деди депутат.

“Сизди агент деп мен айткан эмесмин, бул теманы сиз көтөрүп жатасыз. Сиздин башка өлкө жараны экениңиз тууралуу материалдар болсо менде бар. Алар эки ай мурун БШКга берилген. Бир нече күн мурун бул документтердин баары –кайсылар экенин сиз билесиз, Казакстан ИИМинин, Жарандык иштер боюнча комиссия катчылыгынын жообу – бул материалдардын баары чогултулуп, Башкы прокуратурага жана ИИМге берилди”, – деп жооп берди Мамытов.

Депутат СССР жараны болгонун, союз ыдырагандан кийин Кыргызстанда жашап, жарандык алганын белгиледи.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *