Парламенттик өлкөнүн “соусу”: Ар ким өзүнө кожоюн. Фракция парламентке, депутат фракцияга, өкмөт элге баш ийбейт

Мезгил. 

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев бийликти сындады. Эл өкүлүнүн пикиринде,  ар бир депутат эл алдында жасаган иштеринин отчетун берип турушу керек. Анткени, ал өзү үчүн эмес, эл үчүн иштейт Соцтармактагы баракчасына эл өкүлү мындай билдирүү калтырды:

” Партиялар отчет бериши керек эле, бирок, азырынча аны жасаган эч ким жок. Дегеле биздин Конституцияда таң калыштуу жагдайлар көп: партия менен фракция бир дагы, бөлөк дагы; депутаттар партиядан шайланышат, бирок кийинчерээк башка бирөөнү жактаса боло берет; депутатка да фракция маанилүү эмес. Ушул соусту анан парламенттик өлкө деп жарыялап коюшту. Өзүңдү өзүң алдоо”.

Депутаттын белгилешинче, өкмөт өзүнө өзү жетекчи. Премьер-министр партиядан чыкпагандыктан, шайлоочулар алдында милдети да жок.

“Аны өкмөт башчы кылгандардын жоопкерчилиги бар. Өкмөттүн шайлоочулар алдында жоопкерчилиги болбогондон кийин, эмне кааласа ошону жасай берсе болот да. Мисалы, экономика министри салыкты көбөйтүүнү сунуш кылбадыбы. Ал шайлоо тууралуу ойлонбойт, партия алдында жоопкерчилиги жок, анын бир гана Абылгазиев жана башкалардын алдында милдети бар”.

Ал парламенттик өлкөнүн “соусун” чечмелеп келип, акырында булардын баарынан бир гана карапайым эл жабыркай турганын белгилеген.

“Жыйынтыгында, депутат парламентке жеткирген партияга жана фракцияга кол шилтеп кое берет; Өкмөт да Жогорку Кеңеш менен эсептешпейт, анткени премьер-министрлер партиядан чыгышкан эмес, президент аркылуу келишкен. Корутунду – эл жабыркап жатат. Бийлик өкүлдөрүнүн эч кимисиэлге  отчет бергиси келбейт, эмнеге бериши керек. Шайлоодо баары бир миллиондорду ыргытышат да”.

Дастан Бекешев эл өкүлдөрүнүн эл алдында отчет берип турушу керектигин белгилеген. Ал соцтармактагы баракчасына өткөн жылдагы жасаган иштеринин жыйынтыгын жарыялаган. Ошондой эле, мындай кылууга бардык депутаттарды чакырган. Депутаттар арасында Бекешевдин демилгеси ача пикирлерди туудурган. Айрымдары, туура деп колдоп, анын жолун жолдоого убада кылышканы менен эл өкүлдөрүнүн арасында Конституцияны бетке кармап, анда депутаттар эл алдында отчет бериши керек эмес деп белгиленгенин шылтоо кылышкан.

Жогорку Кеңештин 6-чакырылышынын сессиясынын кезектеги сезону 4-сентябрда расмий ачылды. Бирок, Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна байланыштуу эл өкүлдөрү ишин толук кандуу башташа элек.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *