Плагиат: Атамбаев Адахан Мадумаровдун кайрылуусун уурдап алдыбы?

Мезгил

Менин кайрылуум сөзмө сөз кайталанды. Бул тууралуу “Бүтүн Кыргызстан” саясый партиясынын төрагасы Адахан Мадумаров маек берип жатып билдирди.

Саясый ишмердин айтымында адам бир ишти жасардан мурун терең ойлонуп анан кадам таштайт. Ал кишиде ой жок. Атамбаевдин 3-июль күнү жасаган кайрылуусу, өзү жазган кайрылуунун “көчүрмөсү”.

-“Кыргыз мамлекети – экөөңөрдүн менчигиңер эмес, же акционердик коомуңар эмес” деген кайрылуу жазагам. Атамбаевдин 3-июлдагы кайрылуусу мындан эки мурун мен жазаган кайрылуу. Сөзмө сөз ошол кайталанды-деди Адахан Мадумаров.

Эске салсак, 2-июнь күнү  Адахан Мадумаров видео кайрылуу аркылуу интеллигенцияны, аттуу-баштуу адамдарды эрегишкен тараптарды ынтымакка чакырууга үндөгөн. Анда ал адам сөзгө байланат, айбан чөпкө байланат» дегендей биз сөз издеп, сөз таап, бир сөзгө келишибиз керек деп айткан.

-Тилекке каршы, болор иш болду. Эми мындан ары аксакалдарыбыз айткандай «ийри отуруп, түз кеңешчү» мезгил келди. Болбосо биз кыргыз мамлекеттүүлүгүн, бүтүндүгүн жоготуп алчу коркунучта турабыз-деген Мадумаров

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *