Премьер-министр  Мухаммедкалый Абылгазиев Баткенге облусуна барды

 Мезгил

Премьер-министр  Мухаммедкалый Абылгазиев  КРнын  Куралдуу күчтөрүнүн аскердик-транспорттук учагы менен Баткен облусуна келди. Бул тууралуу өкмөттун маалымат кызматы билдирди.

Кечээ ок колдонулган чек ара окуясынын натыйжасында Кыргызстандын чек ара кызматынын бир аскери каза таап, бир нече жаран жаракат алган.

Өкмөт башчы жумушчу сапарынын алкагында чек арага жакын аймактагы айылдардын жашоочулары менен жолугушуп, ооруканадагы жабыркагандардан кабар алып, тиешелүү мамлекеттик түзүмдөрдүн жетекчилери менен ыкчам кеңешме өткөрөт.

Булак: Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *