Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жумушчу сапары менен Ош облусуна барат

Мезгил. 

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 12-сентябрда, эки күндүк жумушчу сапары менен Ош облусуна барат.

Өкмөт башчы сапардын жүрүшүндө Ош облусунун Чоң-Алай жана
Өзгөн райондорунда орто мектептердин жана оорукананын ачылыш салтанатына катышат.

Мындан тышкары Мухаммедкалый Абылгазиев Жекенди-Шибээ каналынын курулушунун жүрүшү жана Ош облусунун Чоң-Алай районундагы «Перети Коал» ЖЧКсы көмүр ишканасынын иши менен таанышмакчы.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *