Президент сунуштаган талапкерлер Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьялыгына шайланды

 Мезгил

Жогорку Кеӊеш жыйынында талапкерлиги президент тарабынан сунушталган Касымалиев Мукамбет Шадыканович, Борбукеева Мээргүл Рыскулбековна, Жумабаев Латип Пазылович депутаттардын басымдуу добушу менен Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьялыгына 7 жылдык мөөнөт менен шайланышты. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин токтому кабыл алынды.

Талапкерлерди депутаттарга Президенттин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү Курманбек Дыйканбаев тааныштырды. Ал Конституциялык палатасынын судьялыгына талапкерлердин билими менен тажрыйбасы жетиштүү экенин, алар бул кызматка татыктуу экенин иш жүзүндө көрсөтө алышканын, ошондон улам мамлекет башчысы аларга ишеним көрсөтүп жатканын белгиледи.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *