Президент: Ар бир жерде иштеген сот өзүнүн абийирин ыйманын козгош керек

  Мезгил

Бүгүн, 20-февралда  Жогорку Кеңештин жыйнында жаңы жайланган өкмөт мүчөлөрү ант беришти. Ага президент Сооронбай Жээнбеков катышты.

Өлкө башчы ант берүү аземинен кийин сөз сүйлөп жатып, соттор биринчиден адамдык абийирин, ичики ыйманын козгомойун ийгиликке жете албайбыз деди.

-Эки жылдык биздин байкоолор көргөздү. Биринчи абийир соту орномоюнча сот системасын орнотуу мүмкүн эмес экен. Мен соттордун жыйынында дагы айтып жатам, биринчи өзүңөрдүн адамдык абийириңерди, ички ыйманыңарды козгогула. Ошондо гана соттук реформа ийгиликке жетет. Ар бир жерде иштеген сот өзүнүн абийирин ыйманын козгош керек. Ансыз канча каражат жумшасак да реформа ишке ашпасы көрүнүп турат-деди президент.  

Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *