Президент бүгүн мамлекеттик сыйлыктарды тапшырат

  Мезгил

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 19-сентябрда, кыргызстандыктарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырат. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди. 

Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө олуттуу салым кошкондугу, кесиптик ишиндеги чоң жетишкендиктери үчүн мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо жөнүндө Жарлыкка өлкөнүн Көз карандысыздыгынын күнүнө карата кол коюлган.

Көрүнүктүү мамлекеттик ишмерлер Султан Ибраимов жана Төрөбай Кулатовго «Ак-Шумкар» өзгөчө белгисин тапшыруу менен «Кыргыз Республикасынын Баатыры» эң жогорку артыкчылык даражасы ыйгарылган. Сыйлыктарды тапшыруу аземине алардын балдары катышат.

Мамлекеттик сыйлыктар медициналык кызматкерлерге, билим берүү, маданият, адабият, айыл чарба, курулуш ж. б. тармагынын өкүлдөрүнө, аскер кызматкерлерине тапшырылат.

Сыйлык алуучулардын арасында бир катар чет элдик жарандар дагы бар.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *