Президент: Билим берүү тармагына каражат көбөйгөнү менен, эл талап кылгандай, абал оңолуп кеткен жок

   Мезгил

Президент Сооронбай Жээнбеков  Жогорку Кеңеште ант берип ишине керишкен  Каныбек Исаковду куттуктап, берген анттын зор маанисин сезе билип, эл-жерибизге, кыргыз мамлекетине жан дили менен, ак кызмат кылуусун каалады.

«Буга чейин билим берүү министрлигине сын-пикирлер арбын айтылып келди. Билимдин сапатына, сабактардын көлөмүнүн көптүгүнө, китеп басып чыгаруунун кемчиликтерине нааразылыктар көп болду. Бул тармакка бөлүнгөн акча каражаттары жылдан жылга көбөйүп жатат. 1-октябрдан тартып мугалимдердин айлыгы 30 пайызга көбөйдү.

Бирок, билим берүү тармагына каражат көбөйгөнү менен, тилекке каршы, эл талап кылгандай, абал оңолуп кеткен жок. Бул министрликтин жетекчилигинин аракети, адамдык фактордун абдан көп таасиринен болуп жатат. Ошондуктан, жаңы министрдин жоопкерчилиги, ага артылган жүк жана ишеним чоң», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Ал министрдин тажрыйбасы бар, билим чөйрөсүн тереӊ түшүнөт, буга чейин мыкты иштеген деп белгилеп, жакшы иштеп берерине үмүтүн билдирди.

«Бирок, ишти оңдоп кетүү жалгыз министрдин колунан келбейт. Билим берүү тармагы улуттун жана өлкөнүн келечегин аныктайт, билим менен гана жаркын келечекти курабыз. Ошондуктан бир адамдан үмүттөнүп, четте карап отурбай, баарыбыз чогуу бул тармакты, биргеликте оңдошубуз керек», — деди президент.

Ал жаңы министрге жоопкерчиликтүү ишинде ийгиликтерди каалады.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *