Президент: Биз кайра иштетүүчү өнөр жайына көп көңүл буруп жатабыз, биздин айылдарда чийки зат жетиштүү

  Мезгил

Президент  Сооронбай Жээнбеков кечээ 21-августта, Нарын шаарындагы «Сүт-азык» ЖАКнын сүттү кайра иштетүүчү ишканасынын ачылышында «Аймактарды өнүктүрүү саясаты биринчи кезекте өлкөнүн экспорттук потенциалын кеңейтүүгө багытталган, анын ичинде кайра иштетүү өнөр жайынын дагы», — деп баса белгиледи. Бул тууралуу президенттин  маалымат кызматы билдирди. 

  Мамлекет башчысы мындай ишканалар облустардын социалдык-экономикалык абалына жакшы таасир тийгизерин, жаңы жумушчу орундары жана жергиликтүү дыйкандардын продукциясын өткөрүү пункттары түзүлөрүн канааттануу менен белгиледи.

Сооронбай Жээнбеков акыркы эки жылдын ичинде Президенттин Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында аймактарды өнүктүрүү боюнча иштер жүргүзүлүп жатканын, айыл чарба товарларын өндүрүүчүлөрү үчүн жеңилдиктер берилип жатканын эске салды.

 «Биз кайра иштетүүчү өнөр жайына көп көңүл буруп жатабыз, биздин айылдарда чийки зат жетиштүү. Бул сыяктуу ишканалардын ачылышы менен чет жакка чыкпастан, өз үйүнөн иштөөгө мүмкүнчүлүк пайда болууда. Ошондой эле бул өнүгүүгө жана мал чарбачылыгына заманбап технологияларды тартууга дем берет», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков. 

Нарын шаарындагы «Сүт-азык» ЖАКынын ишке киришүүсүнө 100 млн сом сарпталган, бүгүнкү күндө суткасына 3 тонна сүт кайра иштетилет. Анын жалпы өндүрүш кубаттуулугу менен суткасына 150 тоннага чейин сүттү кайра иштетүүгө мүмкүн.

Президент Сооронбай Жээнбековго маалымдашкандай, завод Нарын облусундагы сүт сатуучу эң ири ишкана болот, чийки зат жергиликтүү фермерлерден 18 сомдон 25 сомго чейин сатып алынат.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *