Президент: Биздин күчүбүз — элибиздин достугунда

Мезгил

«Биздин күчүбүз — элибиздин достугунда, менталитеттин жана рухубуздун жакындыгында, өлкөлөр ортосундагы көп багыттуу байланышты бекемдөөдө», -деп  белгиледи бүгүн, 27-мартта,   Президент   Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан менен   Россиянын   жогорку окуу жайларын ректорлорунун «Илимди жана билим берүүнү өнүктүрүү —  келечекке инвестиция» биринчи Форумунда.

Иш чара  Россиянын Президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга жасай турган мамлекеттик с визитинин алкагында  өтүп жатат.

“Биздин саясый жана экономикалык тыгыз мамилелерибизди улантып, жогорку окуу жайларыбыз дагы өз ара интеграцияга жана кызматташууга умтулгандыгы мени кубандырат.Сиздерге белгилүү болгондой, отуз жыл мурда биз бирдиктүү билим берүү мейкиндигинде жашаганбыз”-деди өлкө башчы.

Ошондой эле   “Экономиканын, социалдык турмуштун, мамлекеттик башкаруунун жана коргонуунун талаптарына толук жооп берген. Азыр ал система жок.Бирок, мезгил көрсөткөндөй, бизге жалпы билим берүү мейкиндиги керек экен” деп белгиледи президент.

 Мунун менен катар эле “Форумдун ишине Россия Федерациясынын алдыңкы 70ке жакын жогорку окуу жайлары катышып жаткандыгы абдан жакшы көрүнүш” деди Жээнбеков.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *