Президент: Эртеби кечпи, чек ара маселеси чечилет. Сабырдуу болгула.

Мезгил

«Чек аранын бекем болушу — ушул жерде жашаган элдин, сиздердин кайратыӊыздар, майтарылбас эркиӊиздер менен шартталат. Баткен районундагы негизги көйгөй — бул чек ара маселеси. Ошондуктан чек араны бекемдөөгө өзгөчө көӊүл буруп жатабыз», Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков  бүгүн, 4-июлда, Баткен районунун жана Баткен шаарынын жашоочулары менен болгон жолугушуусунда билдирди. 

Мамлекет башчысы чек ара маселесин чечүү жеңил эмес экенин, Өзбекстан мамлекети менен көп убакыттан бери чечилбей келген чек ара маселелерине чекит коюлуп, чек арабыз 85 пайызга такталганын эске салды.

 «Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиеев менен болгон жолугушуубуз тарыхый окуя болду. Биз дээрлик бардык маселелер боюнча Өзбекстан менен бир пикирге келдик. Ошондой эле Тажикстан менен да бир топ жакшы сүйлөшүүлөр активдүү жүрүп жатат. Учурда Исфара шаарында кыргыз-тажик мамлекеттеринин ортосунда демаркация жана делимитация боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Менин Душанбеге жасаган расмий сапарымда Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон менен бир пикирге, бир максатка келдик. Жакында ал Кыргызстанга сапар менен келет, сүйлөшүүлөр уланат. Биз чек ара маселесин эч качан ачык бойдон таштап койбойбуз. Тажикстандын Президенти да, мен дагы сүйлөшүүлөргө ачыкпыз», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Ал эртеби, кечпи бул маселе сөзсүз чечилерин, ал  үчүн убакыт, анан сабырдуулук керектигин айтты. Анткени 30 жылдан бери келе жаткан маселе убакытты талап кылат, дароо эле чечилбейт.

“Мен билем,  такталбаган чек аранын айынан ар кандай окуялар орун алууда. Ошондуктан, чагымчылдарга алдырбай, «алыскы туугандан — жакынкы коӊшу артык» дегендей, коӊшу мамлекеттин жарандары менен ынтымакта болуу — өзгөчө маанилүү. Түбөлүктүү коӊшулар менен ынтымакта, тыгыз карым-катнашта болгонго эч нерсе жетпейт. Коӊшулар менен ичкен суубуз бир, базарыбыз, мазарыбыз, динибиз бир», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Белгилей кетсек, бүгүн президент Сооронбай Жээнбеков иш сапары менен Баткен облусуна барды.

Булак: Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *