Президент иш сапар менен Ош облусуна барды

Мезгил

Президент Сооронбай Жээнбеков эки күндүк иш сапар менен Ош облусуна барды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, ал иш сапардын алкагында «Ош — Айтматовдун тагдырында» салтанаттуу иш чарага жана Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган улуттук оюндарга катышат.

Андан тышкары Ош облустук мамлекеттик архивдин жаңы имаратынын ачылышына, Аравандагы цемент заводунун жана сүттү кайра иштетүүчү «Алайку Органикс» заводунун ачылышына катышат.

 Белгилей кетсек, Айтматовго арналган иш-чараларга парламенттеги КСДП фракциясынын депутаттары да катышат.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *