Президент: Көптөгөн айылдарда өздөрү демилге көтөрүп, жардам күтпөй эле көйгөлөрүн өздөрү чечип жатышат

   Мезгил

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн «Ала-Арча» Мамлекеттик резиденциясында мамлекеттик сыйлыктарды жана ардактуу наамдарды тапшыруу аземинде«Бакубат жашоонун, келечектин, кубаттуу өлкөнүн бир гана тиреги — эмгек!», — деп баса белгиледи.  

-Азыр Кыргызстандагы көптөгөн айылдарда жамааттар өздөрү демилге көтөрүп, жардам күтпөй эле өз көйгөйүн өздөрү чечип жатышат.Таза суу чыгаргандар, бала бакча кургандар, көчөлөрдү оңдоп, жарыктандыргандар бар. Бүгүн элетте эмгектенип жаткан асыл адамдарыбыздын бири жөнүндө өзгөчө айткым келип турат.

Баткен облусунун Кадамжай районундагы Кереге-Таш айылынын тургуну Мурзапаша Маматов „Даңк“ медалы менен сыйланды. Мурзапаша аксакал узундугу 8 чакырымга жакын ирригациялык каналды куруу боюнча долбоорду демилгелеп, аны айылдаштары менен бирге ишке ашырган.

Кереге-Таштыктар жапырт ашарга чыгышып, бир тоодон экинчи тоого сууну алып өтүп, кылымдар бою суу көрбөгөн 40 гектар жерге суу чыгарышты. Бул жерди гүлзарга айлантып, түрдүү мөмө-жемиш бактарын тигебиз деп жатышат. Канал жалаң кол күчү менен салынган. Кереге–Таш айылынын жалпы тургундарына ыраазылык билдирем. “Жабыла көтөргөн жүк жеңил” дегендей, элдин күчү, деми менен көп иш бүтүрсө болоорун биздин кадамжайлык мекендештерибиз дагы бир ирет далилдеди-деди мамлекет башчы. 

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *