Мезгил
Президент Садыр Жапаров Конституциянын жаңы редакциясын кабыл алууга байланыштуу дагы бир референдум өткөрүү керектигин белгилеп, аны жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо менен чогуу өткөрүүнү парламентке сунуштады.
Бул тууралуу ал Коомдук телерадиоберүү корпорациясына курган маегинде билдирди.
«Анткени биз азыр эски Конституция менен жашап жатабыз. Жаңы Конституцияга дагы эки-үч ай бар. Мен кечээ жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоону 11-апрелде өткөрүү боюнча жарлыкка кол койдум. Эгерде депутаттар ошо менен бирге өткөрүүнү колдоп берсе, 11-апрелде Конституциянын жаңы долбоору кабыл алынат. Ошондон кийин гана биз жаңы Баш мыйзам менен жашай баштайбыз», -деди өлкө башчы.