Президент: Коомдо коргоосуз калган балдар зомбулукка, кемсинтүүгө дуушар болгон учурлар көбөйүүдө

   Мезгил

“Коомдо коргоосуз калган балдар зомбулукка, кемсинтүүгө дуушар болгон учурлар көбөйүүдө”  бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков   бүгүн, 25-июнда, Баланын укугу жөнүндө БУУнун конвенциясынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына жана Кыргыз Республикасынын бул Конвенцияга кошулганынын 25 жылдыгына арналган Улуттук форумунда билдирди.  

“Бириккен Улуттар Уюму белгилеген — Миӊ жылдыктын өнүгүү максаттарынын бири —  балдардын өлүмүн үчтөн экиге кыскартууга жетишкен 62 мамлекеттин бири. Кичинекей балдардын өнүгүү көрсөткүчү 72 пайыздан ашты. Мектепке чейин, 5 жаштан ылдый окутулуп жаткан балдардын саны 64 пайызды түздү.

Мектепке кирүү алдындагы билим 91 пайыз балдар үчүн жеткиликтүү болуп калды.  Биздин өлкөдө балдардын укуктук негиздери жетиштүү деӊгээлде камсыз болгон.   Республикасынын Конституциясынын ченемдери үй-бүлөнү жана балдарды коргоонун атайын кепилдиктерин карайт.

 Интернат мекемелерине жөнөтүлгөн балдардын саны азайган жок. Жер-жерлерде социалдык кызмат көрсөтүүлөр  жетишсиз экени белгилүү. Социалдык коргоо, асыроо, камкордук жана көзөмөлчүлүк системасында кемчиликтер жана коррупциялык элементтер дале жоюла элек. Коомдо коргоосуз калган балдар зомбулукка, кемсинтүүгө дуушар болгон учурлар көбөйүүдө.

Тарыхы, ата-бабалардын улуу жолу мындай көрүнүштү жериген коом, гуманисттик дөөлөтөрдү карманган өлкө катары —  кырдаалды жакшыртуу үчүн, кескин чараларды көрүүбүз абзел.

Мамлекеттик жана жергиликтүү органдар, мамлекеттик эмес уюмдар, жалпы коомчулук жапа тырмак киришип,  бул жагдайды өзгөртүүбүз зарыл-деди өлкө башчы. 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *