Президент Коопсуздук кеңешинин чечимдерин ишке ашыруунун жүрүшү менен таанышты

  Мезгил

Президент  Сооронбай Жээнбеков кечээ, 17-февралда  Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаевди,  Башкы прокурор  Өткүрбек Жамшитовду,  Ички иштер министри Кашкар Жунушалиевди жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасы Бакир Таировду кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди. 

2020-жылдын 24-январындагы  Коопсуздук кеңешинин чечимдеринин ишке ашырылышы талкууланды.

Кызматтык-ыкчам ишмердүүлүктүн жыйынтыктарын кароо боюнча коллегиялардын жыйындары өткөрүлгөнү, алардын жыйынтыгы менен укук коргоо органдарынын бир катар жетекчилери жана кызматкерлери дисциплинардык жоопкерчиликке тартылып, айрымдары ээлеген кызмат орундарынан бошотулганы белгиленди.

Укук коргоо органдарынын бардык кызматкерлерине кызматтык тартипти бузууга жана бүтүндөй системанын беделин түшүрүүгө жол бербөөсү белгиленди. Өлкөнүн Коопсуздук кеңешинин чечимдерин ишке ашыруу үчүн бардык чараларды көрүү тапшырылды.

Мезгил ньюс 

 

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *