Президент: Өнүккөн өлкөнү, күчтүү мамлекетти чогуу курабыз

 Мезгил

Президент Сооронбай Жээнбеков кечээ, Суусамыр өрөөнүндө Кожомкул Каба уулунун 130 жылдык мааракесине арналган иш-чарада «Ынтымагыбыздан, биримдигибизден өткөн байлык, өлкөбүздөн өткөн дөөлөт жок экенин эзелтен бери уланган тарыхыбыз өзү тастыктап турат»-деди.    

  “Бирге болсок, ата — бабалардын элесине татыктуу болгон улуу жеңиштердин ээси болобуз. «Карт тарыхыбызга, тереӊ маданиятыбызга, улуу ынтымагыбызга таянып, жашоосу татыктуу, билими тереӊ, дени сак коомду түзөбүз. Замандаштар жактырган, урпактар сыймыктанган, өнүккөн өлкөнү, күчтүү мамлекетти чогуу курабыз», — деди президент Сооронбай Жээнбеков.

Мамлекет башчысы иш чаранын катышуучуларын майрамы менен куттуктады. Ал Кожомкул атабыздын кайраты  келечек урпактарга күч, дем берсин, мекенчил сезимин ойготсун, жергебизде дайыма тынчтык, элибизде ар дайым ынтымак болсун деген каалоосун билдирди.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *