Президент: Сабырдуу болгула! Чек ара маселеси чечилбей койбойт

   Мезгил

Сабырдуу болгула! Чек ара маселеси чечилбей койбойт. Мындай билдирүүнү президент Садыр Жапаров Telegram каналына жарыялады.  

Анын айтымында, кара тизмеге кирген ууру, зыянкечтер сөзсүз камалат.

“Сабырдуу болгула! Айтылган сөз, атылган ок. Чек ара маселеси чечилбей каралбай койбойт. Элдин негизги көйгөйлөрү да акырындап кудай буюрса чечилет”,-деп дазган ал.

Ошондой эле ал  төрт сап ыр  менен кайрылуу жазды.

Аккан суудай шар агабыз шашылып,

Адашпайлы биз адамдар аңтарылып чачылып.

Кээде байкап кээбир кээбир адамдардын мүнөзүн,

Таң каласын айлаң кетип баш кагып.

Белгилей кетсек, Садыр Жапаров буга чейин дагы бир нече жолу ыр түрүндө кайрылууларды жолдогон.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *