Президент Сооронбай Жээнбеков Арменияга барат

    Мезгил

 Президент Сооронбай  Жээнбеков 30-сентябрь – 1-октябрда Ереван шаарында (Армения) Жогорку Евразиялык Экономикалык Кеңештин (ЖЕЭК) жыйынына катышат. Бул тууралуу  президенттик  аппараттын  тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков билдирди.

Ал белгилегендей, ЖЕЭК жыйындары адаттагыдай тар жана кеңири курамда өтөт.

«Бул саммиттин өзгөчөлүгү – анын алкагында Кыргызстандын ишкерлик чөйрөсүнүн өкүлдөрү дагы катыша турган “Евразиялык континенттин транзиттик потенциалы” Эл аралык форумун уюштуруу пландалууда”, – деп баса белгиледи Данияр Сыдыков.

Ал өткөн жумада Бишкек шаарында “Евразиялык жумалык” ийгиликтүү өткөнүн эске алды.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *