Президент Сооронбай Жээнбеков эртең Москвага барат

 

Мезгил

«Кыргызстандын Россиядагы  жана Россиянын Кыргызстандын  эриш-аркак жылынын ачылыш аземи эртең, 27-февралда Москва шаарында    Президент  Сооронбай Жээнбековдун жана Россиянын президенти Владимир Путиндин катышуусунда өтөт. Бул тууралуу  президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков билдирди. 

Маалым болгондой, жалпысынан Эриш-аркак жылынын алкагында Кыргызстанда жана Россияда саясий, экономикалык, аскердик жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө 200дөн ашуун иш-чара өткөрүү мерчемделүүдө.

Эриш-аркак жылынын ачылыш аземи Мамлекеттик Кремль сарайында өтөт. Иш-чаранын алкагында Кыргызстан менен Россиянын чыгармачыл коллективдеринин катышуусунда гала-концерттин өтүшү күтүлүүдө.

Данияр Сыдыков Эриш-аркак жылын өткөрүү жөнүндө макулдашууга 2019-жылы Россиянын Президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын жүрүшүндө жетишилгендигин эске салды.

Бул мамлекеттик сапардын алкагында жалпысынан 6 млрд АКШ доллардан ашуун суммага 50дөн ашык документке кол коюлуп, алар бүгүнкү күндө ишке ашырылууда.

Ал Президент Сооронбай Жээнбековдун 27-28-февралдагы Россияга болгон иш сапарынын жүрүшүндө Россия Президенти Владимир Путин менен эки тараптуу жолугушуу күтүлүп жатканын белгиледи.

Мындан сырткары, Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин жана Россия Федерациясынын Коопсуздук кеңешинин төрагасын орун басары Дмитрий Медведев менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрү пландалган.

Президент Сооронбай Жээнбеков Белгисиз солдаттын мүрзөсүнө гүлчамбар коет жана Москва шаарынын ВДНХ аймагындагы «Кыргызстан» павильонуна барат.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *