Жээнбеков: Көчмөндөр оюндары – күчтүн гана сынагы менен чектелбестен, кайталангыс маданияттардын, салттардын маанисин өнүктүрөт

Мезгил.

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков  2-сентябрда, Чолпон-Ата шаарында Үчүнчү дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу ачылыш аземине катышты.

Анда мамлекет башчы сөз сүйлөдү.

“Урматтуу мекендештерим!

Урматтуу Көчмөндөр оюндарынын катышуучулары!

Ардактуу меймандар!

Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына кош келиӊиздер!

Биз бүгүн касиеттүү жерибизде, кереметүү Ысык-Көлдун боюнда, Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюнун салтанаттуу ачылышында сиздерди кучак жайып, тосуп алганыбызга чексиз кубанычтабыз!

Чокусу асман тиреген, улуу Тоолордун мекени — Ала-Тоого, айкөл атабыз Манастын жерине, кең пейил, меймандос Кыргыз элине кош келиңиздер!

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү чечими 2012-жылы Түрк тилдүү мамлекеттер кызматташтыгынын кеӊешинде кабыл алынган.

Бүгүн да биздин оюндар ошол мамлекеттердин саммитинин  алкагында ачылып жатат.

Бүгүнкү салтанаттуу аземге бир тууган Казакстан Республикасынын Президенти урматтуу Нурсултан Абишевич Назарбаев катышып жатканы — биз үчүн чоң кубаныч.

Алыстан ат арытып, боордош Түрк Республикасынын Президенти  урматтуу Режеп Тайип Эрдоган мырзанын келгенине ыраазылык билдирем!

Европадагы достош өлкөбүз Венгриянын Премьер-министри — урматтуу Виктор Орбандын катышып жатканын ыраазылык менен белгилейм.

Россиядан келген ардактуу мейманыбыз, Татарстандын президенти — Минниханов Рустам Нургалиевичке салам айтабыз.

Биздин жогорку мартабалуу меймандар дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун ачылыш салтанатына катышууда.

Мунун өзү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына болгон бийик баа, кыргыз элине болгон тереӊ урмат деп эсептейм.

Эртеӊ, Чолпон-Ата шаарында боло турган Түрк тилдүү мамлекеттердин саммитине Азербайжан Республикасынын Президенти урматтуу Ильхам Гейдарович Алиевдин, Өзбекстан Республикасынын Президенти урматтуу Шавкат Миромонович Мирзиеёвдун келиши күтүлүүдө”, – деди президент Сооронбай Жээнбеков.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *